Катардын MBK Holding компаниясы Кыргызстанда инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

17.06.2026 | 18:03
Катардын MBK Holding компаниясы Кыргызстанда инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 17-июнда, Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров венчурдук инвестор, «MBK Holding» компаниясынын негиздөөчүсү шейх Мансур бин Халифа Аль Тани менен технологиялык жана инвестициялык багыттарда кызматташууну талкуулады. Жолугушуу Ташкентте өткөн V Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында өткөн. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Равшанбек Сабиров Кыргызстандагы инвестициялык климат, өкмөт менен инвесторлордун ортосундагы келишимдердин шарттары жана санариптик инструменттер тууралуу маалымат берген. Атап айтканда, «Инвестициялар» автоматташтырылган системасы, жасалма интеллект менен иштеген чат-бот жана интерактивдүү инвестициялык карта менен тааныштырган.

Өз кезегинде «MBK Holding» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанда инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтышкан. Катар тарап өлкөдө исламдык каржылоо принциптерине негизделген санариптик банк түзүү жана санариптик экономиканы өнүктүрүү ниетин билдиришкен.

Scroll to Top