ИИМ ата-энелерге кайрылды

ИИМ ата-энелерге кайрылды

Ички иштер министрлиги ата-энелерге кайрылып, баласынын, айрыкча өспүрүм куракка жеткенде, жашоосуна кызыгып, жүрүм-турум эрежелери менен тааныштыруу керектигин белгилейт.

Министрлик билдиргендей, заманбап дүйнөдө жашы жете электердин кылмыштуулук маселеси эң татаал жана талаштуу маселелердин бири болуп саналат. Ар бир өспүрүм өзү жасаган мыйзамсыз аракеттердин кесепеттерин, жоопкерчилик чараларын биле бербейт. Жаш өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумундагы терс көрүнүштөрдү өз убагында байкоо, туура таасир этүү чаралары укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууда маанилүү роль ойнойт.

Адистер өспүрүмдөрдүн девианттык жүрүм-турумунун төмөнкү этаптарга бөлүшөт: баш ийбестик, өжөрлүк; башкалардын, мугалимдердин, ата-энелердин айыптоосуна алып келген жүрүм-турум (оройлук, уятсыздык, абийирсиздик учурлары); көнүмүш болуп калган адеп-ахлактык жактан терс иш-аракеттер (алдамчылык, шылтоо, эки жүздүүлүк, өзүмчүлдүк, ж.б.); криминалдык жүрүм-турумдун негиздерин өзүнө камтыган кылмышка чейинки жүрүм-турум.

«Балдар дайыма чоңдордун көзөмөлүндө болушу керектигин, ишенимдүү мамилелерди куруу керектигин, баланын жашоосуна катышуу жана аны жүрүм-турум жана баарлашуу нормалары менен тааныштыруу, өзгөчө өспүрүм куракта маанилүү экенин ата-энелер унутпашы керек», — деп белгилейт ИИМ.

Эгерде бала көпчүлүк предметтерден жетишпесе, интеллектуалдык өнүгүүсүнөн артта калса, анын билим алууга кызыкчылыгы жок болсо, мектептин, үйдүн иштерине катышуудан баш тартса, алкоголдук ичимдиктерди, психотроптук жана уулуу заттарды колдонсо, кумар оюндарына азгырылса, орой мамиле жасаса, мушташса, жаныбарларга ырайымсыздык мамиле кылса, уурдаса өзгөчө көңүл буруп, чукул чара көрүү зарыл.

«Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу – ички иштер органдарынын эң маанилүү милдети. Бул иштерди жүргүзүүдө милиция кызматкерлери жашы жете электердин жаш өзгөчөлүгүн, ошондой эле жасаган кылмыштарынын өзгөчөлүктөрүн эске алышат.

Ички иштер органдары өспүрүмдөрдүн ата-энелерине ар кандай таасир этүү чараларынын жардамы менен үй-бүлөдө тарбиялоонун ыңгайсыз шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт, зарыл болгон учурда ыңгайсыз шартта калган өспүрүмгө жардам көрсөтөт.

Урматтуу ата-энелер, балдардын бактылуу келечеги жана бакубат жашоосу сиздердин кунт коюп, жоопкерчиликтүү мамилеңиздерден көз каранды!«, —  деп белгилейт министрлик.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>