Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунда эки медалга ээ болушту

Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунда эки медалга ээ болушту

Кыргызстандык дзюдочулар кадеттер жана өспүрүмдөр арасындагы Азия кубогунда эки медалга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дельфин спорт мектебинин дзюдо бөлүмүнүн окуучулары ушул жылдын 27-июлдан 30-июлга чейин Ташкент шаарында өткөн дзюдо боюнча кадеттер жана өспүрүмдөр арасындагы Азия кубогунда мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшкөн.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Грузиянын курама командаларынын күчтүү дзюдочулары катышып,  алардын арасында кадеттер жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча дүйнө жана Азия чемпионаттарынын, ошондой эле улуттук чемпионаттардын учурдагы жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болду.

«Кадеттер арасындагы турнирде 52 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалды машыктыруучу Юлия Кулигинанын тарбиялануучусу 2008-жылы туулган Какитаева Айдай жеңип алды. Дзюдо боюнча спорт чебери Канатбеков Эржан ишенимдүү күрөш көрсөтүп, эң татаал 5 беттеш өткөрүп, өспүрүмдөр арасында 81 кг салмакта күмүш медалга ээ болду. Окуучуну дзюдо бөлүмүнүн улук машыктыруучусу Ислам Баялинов даярдаган», — деп жазылат маалыматта.

Дзюдо боюнча кадеттер жана өспүрүмдөр арасындагы Азия кубогунда Кыргыз республикасынын кадеттер курама командасы жалпы командалык 3-орунду, ал эми өспүрүмдөр курамасы 6 команданын ичинен 2-командалык орунду ээлеген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>