«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
ИИМ: Бишкек менен Чүйдө баңгизат сатууга шектелип үч адам кармалды
02.12.2024 | 20:12
Бишкекте баңгизат сатууга шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Аталган кызматтын маалыматы боюнча, алар бир жаран (Ж.Ж.) Жалал-Абаддан баңгизат ташып, Чүй менен Бишкекте сатып жүргөнү тууралуу маалымат алышкан. Бул ишке дагы эки кишинин (Д.К. уулу жана М.М.) катыштыгы бар экени аныкталган.
Ноябрдын ортолорунда шектүүлөрдүн биринин (Д.К. уулу) унаасын тинтүүдө эки баштыкка салынган “нашаа” табылып алынган.
Жыйынтыгында шектүү катары 36 жаштагы Ж.Ж., 23 жаштагы Д.К. уулу жана 20 жаштагы М.М. аттуу жарандар кармалган.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.