Кезек күтүүсүз экология: Кыргызстанда Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматтарын төлөө кантип жөнөкөйлөтүлдүБааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдүИсламдык каржылоону жөнөкөйлөтүү пландалууда. Жарандык кодекске өзгөртүүлөр үчүнчү окуудан өтүүдөЖеке маалыматтарды бузуу үчүн айып пулдар Цифралык кодекске шайкеш келтирилетКыргызстанда провайдерлерди колдонуучулардын маалыматтарын ачыктоого милдеттендиришет – кенен маалыматЖогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди
ИИМ: Коменданттык саат талабын бузган 92 адам кармалды
08.04.2020 | 09:47
8-апрелге караган түнү өзгөчө абал киргизилген аймактарда коммендаттык сааттын талаптарын бузган 92 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Кармалган жарандардын ичинен:
- • Бишкек шаарында 58 адам;
- • Ош шаарында 5;
- • Жалал-Абад шаарында 12;
- • Сузак районунда 15;
- • Кара-Суу районунда 2 адам бар. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган эмес.
Тартип бузгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар