Коменданттык сааттын эрежесин бузган Ош облустук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

08.04.2020 | 09:46

Коменданттык сааттын талаптарын бузуп, милицияга кол көтөргөнү үчүн Ош облустук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча коменданттын басма сөз борборунун кызматкери Замир Сыдыков билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү кечинде Ош облустук сотунун судьясы мас абалында коменданттык сааттын шарттарын бузуп, милиция кызматкерине кол көтөргөн. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 355- беренеси («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

 

Scroll to Top