ИИМ: Кыргызстанда Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү

ИИМ: Кыргызстанда Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү

Кыргызстанда Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. ИИМ кызматкерлери 2-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт.

«2023-жылдын 31-декабрына карата өлкө аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн. Анын ичинен үчөө кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 19 жол унаа кырсыгы катталып, 22 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү. ИИО кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, массалык иш-чаралар өтө турган жерлерде милиция посттору уюштурулуп, коомдук тартип көзөмөлгө алунууда.

«Жаңы жылды майрамдоо күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жана тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттөрү уюштурулган.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалууда, олуттуу бузуулар болгон жок», — деп билдиришти ИИМден.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>