ИИМдин Атайын багыттагы полкунда ыкчам кеңешме өттү

ИИМдин Атайын багыттагы полкунда ыкчам кеңешме өттү

ИИМдин Атайын багыттагы полкунда быйылкы жылдын 6 айы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын 11-июлда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда өткөн.

«Кеңешменин жүрүшүндө кызмат башчылары жана бөлүктөрдүн командирлери аталган мезгил аралыгында аткарылган иштери боюнча маалымат беришти. Атайын багыттагы полктун командири Майрамбек Имангазиев кызмат башчыларынын жана бөлүк командирлери тарабынан кетирилген бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюну табыштады. Ички иштер министринин орун басары ар бир кызматкер кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап, кесиптик жөндөмдөрүн тынымсыз өркүндөтүп-өстүрүүнү талап кылды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>