ИИМдин Атайын полку айымдарды майрамы менен куттуктады — сүрөт

ИИМдин Атайын полку айымдарды майрамы менен куттуктады — сүрөт

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Бишкектеги айымдарды 8-март майрамы – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматында жүргөн кызматкерлер, айымдарды майрамы менен куттуктап, гүлдесте тартуулаган.

«Белек алган айымдардын жүзүндө жылмаюу пайда болуп, кызматкерлерге ыраазычылыгын билдиришсе, энелер ак батасын беришти.

Аялзаты абдан назик болгону менен дүйнөнү тиреп турган чоң күч. Алар ар дайым сулуу жана мээримдүү. Эч качан көзүңүздөрдөн жаш төгүлбөй, бакыттын нурун чачып жүрө бериңиздер. Майрамыныздар менен урматтуу айымдар», — деп куттуктайт министрлик. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>