Москва районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулат

Чүйдүн Москва районунун Ак-Торпок айылында 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк куруу пландалууда. Долбоордо өндүрүш аянтчасын түзүү каралган, ал толук кубаттуулукка чыккандан кийин 350дөн 500гө чейин жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун аталган райондун 2021–2026-жылдардагы өнүгүү көрсөткүчтөрү таанышуу учурунда маалымдалды.
Жыйында өлкө башчысына райондо акыркы беш жылда ачылган өнөр жай ишканалары тууралуу маалымат берилген. Атап айтканда, 410 миллион сом инвестиция салынган «Бай Элим Компани» консерва заводу курулган. Ишканада 40 жумуш орду түзүлгөн.
Ошондой эле райондо «Тулпар Моторс» автоунаа чогултуучу заводу курулуп, 100 жумуш орду түзүлгөн. Ишканага 4 млрд 375 млн сом инвестиция жумшалган. Мындан тышкары «Ак-Суу асыл тукум чарбасы» канаттуулар чарбасына салынган инвестициялардын көлөмү 450 млн сомду түзүп, 145 жумуш орду түзүлгөн.
Маалыматка ылайык, учурда аймакта бир катар өндүрүш жана суу чарба долбоорлору жүзөгө ашырылууда. Райондо 2 048 гектар жерди сугат суу менен камсыздоочу Ак-Суу суу сактагычы салынууда, анын наркы 1,2 миллиард сомду түзөт.
Муну менен катар 437,5 миллион сомдук «Радуга Корм» балык тоютун өндүрүүчү заводу, 40 миллион долларлык чакан гидроэлектр станциялары жана 20 миллион долларды түзгөн «United Concrete Canvas» ишканасынын геосинтетикалык цемент-композиттик жабуулар заводу салынууда.
Мындан сырткары, 4 млн долларлык «Таштан» фермердик чарбасы жана жылына 20 миң тонна продукция чыгарууга эсептелген 3 млн долларлык «Кыргызцентрпродукт» ишканасынын курулушу жүрүүдө.