Инспекторлор көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган кызды кантип куткарганын айтып беришти

Инспекторлор көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган кызды кантип куткарганын айтып беришти

Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жаш кыз туугандары менен урушуп, көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылып жатканда куткарылганын Милициянын кайгуул кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, кызды куткарган кызматкерлер Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын 4-ротанын, 3-взводунун кенже инспекторлору, милициянын старшинасы Нурсултан Усеинов жана милициянын сержанты Курманбек уулу Нурмат болгон. Алар Ички иштер органдарында 2020-жылдан бери кызмат өтөшөт.

Белгилүү болгондой, 18-майда саат 16:40тө «Жал» кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында секирүүгө аракет кылып жаткан кыз байкалгандыгы тууралуу чакырык түшкөн.

Нурсултан Усеиновдун айтымында, алар шериги менен токтоосуздан №20 үйдүн чатырында жаш кызды байкап, чатырга ыкчам чыгышкан.

“Чатырга чыгып, мен ыйлап жаткан кыз менен сүйлөшүп, ага секирбе деп айта баштадым, ошол учурда шеригим Нурмат акырындык менен ага жакындап, өмүрүн тобокелге салып кызды чатырдын четинен сууруп алды”, — деди Нурсултан Усеинов.

Курманбек уулу Нурмат кызмат өтөгөн учурдагы биринчи окуя экендигин белгилеп: “Талап-тоноо, уурдоо, ар кандай кармоо жана мушташуу болгон, бирок биз биринчи жолу ушундай жагдайга туш болдук”, — деди.

МККБнын кызматкерлеринин тобокелчиликке байланыштуу кесиптик жана ыкчам аракеттеринин натыйжасында кызга өз жанын кыюуга жол берилген эмес. Инспекторлор ИИМдин жетекчилиги тарабынан сыйланмакчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: инспектор

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>