ИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды

02.10.2026 | 16:41
МВД: председатель Кара-Суйского городского кенеша задержан по подозрению в коррупции — Новости Кыргызстана

Ош облусундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы П.Ж. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын 29-июлунда шектүү соода жүргүзүүгө арналган 82,75 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн, түз келишим аркылуу жеке жакка сатып жиберген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, тергөөдө П.Ж.нын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө негиз берүүчү жогорку билими тууралуу диплому жок экендиги аныкталган. Ал жасалма документтин негизинде кызматты ээлеп, мыйзамсыз түрдө эмгек акы алып келген. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 5 млн сомдон ашык өлчөмдө зыян келтирилгени эсептелди.

Шектүү козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top