Ишкер аялдарды каржылоону ишке ашыруу үчүн Улуттук хартияга кол коюлду

28.09.2026 | 14:57
Ишкер аялдарды каржылоону ишке ашыруу үчүн Улуттук хартияга кол коюлду — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 28-сентябрда, Кыргызстандын Улуттук банкында Ишкер аялдарды каржылоо кодексин (WE Finance Code) ишке ашыруу боюнча Улуттук хартияга кол коюлду. Документке Улуттук банк жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси кол коюшту.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, кодекс аялдарга таандык же алар башкарган чакан жана орто ишканаларды каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Кыргызстанда аталган демилге Улуттук банк тарабынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө кодекске 24 катышуучу кирген, алардын катарында 12 коммерциялык банк, 10 микрофинансылык уюм, «Кепилдик фонду» ААК жана «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» бар.

Улуттук хартия аталган кодексти ишке ашыруунун ыкмаларын, маалыматтарды чогултуу жана отчеттуулук тартибин аныктайт. Документке ылайык, Улуттук банк маалыматтардын улуттук агрегатору, ал эми «Кыргызстан банктарынын союзу» улуттук координатор болуп саналат.

Улуттук банк буга чейин ченемдик укуктук актыларга «аялдардын ишкердиги» түшүнүгүн киргизилгенин жана 2026-жылдын март айынан бери банктык отчеттуулукта гендердик маалыматтарды топтоо ишин жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Scroll to Top