Кыргызстан менен Түркмөнстан экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар

02.10.2026 | 10:27
Кыргызстан менен Түркмөнстан экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар — Новости Кыргызстана

Ашхабад шаарында Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров Түркмөнстандын Финансы жана экономика министри Мамметгулы Астанагулов менен жолукту. Жолугушуу Түркмөнстандын инвестициялык форумунун алкагында өткөн.

Агенттиктин маалыматында, тараптар кыргыз-түркмөн экономикалык кызматташтыгын, ишкердик байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин карашкан. Талкууланган тармактардын катарына энергетика, мунай-газ продукцияларын жеткирүү, транспорттук-логистикалык байланыштар жана инвестиция тартуу кирген.

Равшанбек Сабиров мамлекеттик органдар менен ишкер чөйрөнүн ортосунда түз диалогду өнүктүрүү жана долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү зарылдыгын билдирген.

Өз кезегинде Мамметгулы Астанагулов Түркмөнстан Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы алакаларды кеңейтүүгө даяр экенин айткан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жумушчу диалогду улантууну макулдашышкан.

Scroll to Top