Чыгып кетсин! Депутат менен министрдин орун басары кайым айтыша кетти

Чыгып кетсин! Депутат менен министрдин орун басары кайым айтыша кетти

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов менен айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Нурлан Шерипов кайым айтыша кетти.

Жыйында депутат “айыл чарба азык-түлүктөрүнүн баасын турукташтыруу үчүн эмне кылдыңар? деген суроого тиешелүү жооп ала албаганына нааразы болуп: “Айыл чарба министрлиги эмне кылуу керектигин дагы билбейт. Мисалы, картөшкөнүн баасын түшүрүү үчүн аны көбүрөөк айдоо керек. Ошону дагы түшүнбөй жатышат. Булар демагогия менен алектенишет. Даярданып келгиле, же болбосо жооп бере турган компетенттүү адамди жибергиле. Кур чечендик менен биздин кыжырыбызга тийбегиле”, — деди.

Ошондой эле, Султанбай Айжигитов министрликтин өкүлдөрү тиешелүү саясат жүргүзбөй, коммерция менен алектенип жатышканын айтты.

Өз кезегинде Нурлан Шерипов депутатка кайрылып: “Жеке сапаттарга өтпөй, регламентке ылайык иш алып барсак. Сиздин деле компетенттүүлүгүңүздү билебиз. Биз суроо боюнча жооп берип жатабыз. Сиз жеке мамилеңизди Жогорку Кеңешке чыгарбаңыз?”, — деди.

С.Айжигитов комитеттин төрагасынан министрдин орун басарын жыйындан чыгарып салууну, ордуна компетенттүү адамдын келүүсүн талап кылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: депутат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>