РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Кыргызстандык кикбоксчулар Дүйнө чемпионатында 4 медаль утушту
28.09.2026 | 10:00

Италиянын Езоло шаарында өткөн юниорлор жана кадеттер арасындагы кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдеш 18-27-сентябрь күндөрү өтүп, ага 80 мамлекеттин спортчулары катышкан.
Кыргызстандын куржунуна 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байге түштү. 48 килограммга чейинки салмак ченинде Low Kick багыты боюнча Абуубакр Алимов биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталды.
Ушул эле багытта 57 килограмм салмакта Даниэль Дрожжаков жана 67 килограмм салмакта Самир Лю экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга татышты. Ал эми 44 килограмм салмакта Рабия Исраилова коло байгеге ээ болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: кикбокс