«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына карата шаарда акысыз автобус каттамдары уюштурулат
01.10.2026 | 16:35

5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу шаар тургундары жана коноктору үчүн акысыз автобус каттамдары иштейт. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган транспорттор стадионго чейин жана кайра артка каттайт.
Мэриянын маалыматында, жарандарды стадионго жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Акысыз автобустар төмөнкү пункттардан жөнөйт:
- №1: «Өчпөс от» (Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү);
- №2: «Батыш автобекети» (Жибек Жолу проспектиси – Кулиев көчөсү);
- №3: «Киркомстром» (Барпы Алыкулов көчөсү, 32);
- №4: Асанбай кичи району (А. Токомбаев көчөсү, 3/7);
- №5: «Ак-Кула» автобекети (Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1);
- №6: Аламүдүн-1 кичи району (Ауэзов көчөсү, 4);
- №7: Көк-Жар конушу (Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү);
- №8: Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284);
- №9: Абдымомунов көчөсү, 220;
- №10: Сухэ-Батор көчөсү («Глобус»).
Мэрия жүргүнчүлөрдү аталган пункттарга эрте келүүгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: автобус, Бишкек Арена