Кыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалды
Ислам оюндары: Айпери Медет кызы алтын медаль тагынды
12.08.2022 | 23:08
Кыргызстандык Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында эркин күрөш боюнча алтын медаль тагынды.
Ал бүгүн, 12-августта мелдеште 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Алтын үчүн болгон күрөштө Айпери Медет кызы тайпалык баскычта 10:0 эсебинде жеңген Камерундук спортчу менен кез келди. Чечүүчү кармашта кыргызстандыктар дагы жеңишке жетишти.
Бул медаль Кыргызстан үчүн Түркиядагы оюндарда жетинчи медаль болду – үч алтын, эки күмүш жана эки коло.
Ислам тилектештиги оюндары бешинчи жолу өтүп жатат. 2021-жылы, коронавирустун пандемиясынан улам алар 2022-жылдын августуна жылдырылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт