Окуучулардын медициналык маалым каттары санарип форматка өткөрүлдүЖКнын тармактык комитети президенттик шайлоонун датасын өзгөртүүнү жактырды1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар 20%га көтөрүлөт — бирок баарына бирдей эмесЧет өлкөдө иштеген жарандар үчүн пенсиялык камсыздандыруу системасы жеткиликтүү болдуӨлкөдө болуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген чет элдиктердин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынат — Министрлер кабинети«Бишкек Арена» стадиону 386 млн долларга курулганы айтылды
Ислам оюндары. Дильназ Сазанова коло медалга ээ болду
12.08.2022 | 22:34
Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык Дильназ Сазанова эркин күрөш боюнча коло медаль тагынды. Ал 65 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Сазанова тайпалык баскычта эки жеңишке жетип, биринчи орундан жарым финалга өткөн, бирок казакстандыкка утулуп калган.
Үчүнчү орун жана коло медаль үчүн болгон беттеште кыргызстандык Камерундун спортчусун кайрадан жеңип алды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн Оюндарда алтынчы болду – 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло.
Ислам тилектештик оюндары бешинчи жолу өтүп жатат. 2021-жылы, коронавирус пандемиясынан улам алар 2022-жылдын августуна жылдырылган болчу.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт