Кадамжайда Бүргөндү магистралдык каналы кеңейтилет

Баткендин Кадамжай районундагы Бүргөндү магистралдык каналын кеңейтүү жана жаңылоо иши башталды. Каналды кеңейтүү маселеси буга чейин бир нече Элдик Курултайда көтөрүлгөнүн, эми бул маселе чечилип жатканын президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бүргөндү каналы 1976-жылы пайдаланууга берилген. Учурда анын узундугу 31 чакырымды түзөт. Калктын санынын өсүшү жана сугат суусуна болгон муктаждыктан улам каналдын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу чечими кабыл алынган. Анын алкагында төмөнкү иштер аткарылат:
- каналдын өткөрүү мүмкүнчүлүгү секундуна 18 куб метрден 30 куб метрге чейин көбөйтүлөт;
- каналдын жалпы узундугу 49 чакырымга чейин узартылат.
Долбоор үч этап менен ишке ашырылат. Биринчи этапты каржылоо үчүн мамлекет тарабынан 1 миллиард 579 миллион сом бөлүнгөн. Учурда асфальт-бетон заводу курулуп, темир-бетон конструкциялары даярдалууда. Ал эми негизги курулуш иштери сугат мезгили аяктагандан кийин башталат.
Өкүлчүлүк канал кеңейтилгенден кийин 10 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыздоо жакшырарын жана 2 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүүгө мүмкүн болорун кошумчалады. Ошондой эле жаңыланган каналдын 24 чакырымы Ак-Турпак, ал эми 25 чакырымы Молдо Нияз айыл аймактары аркылуу өтөрү айтылды.