КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Испания Аргентинаны жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону аталды
20.07.2026 | 09:29

Испания курама командасы кошумча убакытта дүйнөнүн учурдагы чемпиону — Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңип, 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду.
Беттеш Ист-Ратерфорддогу (АКШ) «Метлайф» стадионунда өттү. Оюндун башкы калысы словениялык Славко Винчич болду. Жеңиш голун 106-мүнөттө оюнга алмашуу менен кирген Ферран Торрес киргизди. Негизги убакыт голсуз аяктаган.
Испания өз тарыхында экинчи ирет дүйнө чемпиону болду. Команда алгачкы титулун 2010-жылы финалда Нидерланды курамасын кошумча убакытта 1:0 эсебинде жеңгенде алган. Мурунку дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон Аргентина бул жолу мелдешти күмүш медалдар менен аяктады.
Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Англия курамасы Францияны 6:4 эсебинде утуп, турнирдин коло байгесине ээ болду.