Ижарага алган “Лексус 570” унаасын сатып жиберген адам кармалды

Ижарага алган “Лексус 570” унаасын сатып жиберген адам кармалды

Балыкчы шаарында ижарага алган “Лексус ЛХ-570” унаасын сатып жиберген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-август күнү Сокулук РИИБге Сокулук айылынын 1995-жылы туулган  А.А. аттуу жараны арыз менен кайрылган.

Арызында,  ушул жылдын 6-август күнү саат 10:00 чамаларында Балыкчы шаарынан Улук аттуу жаран Армения мамлекетинин номериндеги “Лексус 570” үлгүсүндɵгү автоунаасын 17 000 АКШ долларына баалаганын, аны алуу үчүн 15 000 АКШ долларын берип, калган 2000 доллар акча каражатын эки күндүн ичинде автоунааны текшерип туруп берем деген шартына макул болуп, автоунааны ага өткөрүп бергенин билдирген.

Сокулук районуна келип, сатып алган  автоунааны айдап жүргөн  учурда, автоунаа Атай аттуу жарандын автоунаасы экендиги белгилүү болгон, ал эми Улук аттуу жаран  автоунааны  Атай деген жигиттен ижарага алып, алдап сатып жибергендигин дагы маалымдаган.

Натыйжада, арыз ээсине келтирилген чыгым 15 000 АКШ долларды түзгѳн. Окуя Балыкчы шаарында орун алгандыктан Сокулук РИИБде катталган арызды кароо Балыкчы ШИИБне өткөрүлүп берилген.

Арыз Балыкчы ШИИБдин КБРне катталып,  Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүү кармалаган. Ал Бишкек шаарынын 31 жаштагы Ж.У. аттуу тургуну  болуп чыкты.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгондугу жана пробация түрүндө жазасын өтөп жатканда, жоопкерчиликтен качып кеткендиктен, издөөдө жүргөнү да аныкталган.

Шектүү алгачкы суракта күнөөсүн толук моюнуна алып, Балыкчы шаардык сотунун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынган.

Тергөө кызматы, кылмышка шектүүнүн, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул адамдын алдамчылык аракеттеринин жабыркаган жарандарды, 0705077044, 0394432701телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт. Тергөө амалдары уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>