КФБда алтын сатуу боюнча биринчи келишим түзүлдү  

КФБда алтын сатуу боюнча биринчи келишим түзүлдү  

Кыргыз фондулук биржасында баалуу металлдар секторунда Улуттук банктын алтын куймаларын сатуу боюнча биринчи сатып алуу келишими ишке ашырылды. Маалымат аукциондун жыйынтыгы бөлүмүндө жеткиликтүү. Бул тууралуу “Акчабар” редакциясы билдирди.

Келишим Улуттук банктын 2 грамм салмактагы куймасын сатуу боюнча жүргүзүлдү. Бүтүмдүн суммасы 11 миң 489,5 сомду түздү. Сатып алуучу катары «Акчабар» редакциясы болду.

«Бүгүн биз Кыргыз фондулук биржасынан биринчи алтын куймасын сатып алдык. Муну менен биз баалуу металлдар секторун биржага чыгарууну колдоону чечтик. Бул тармактын өнүгүшүнө түрткү болот деп ишенебиз”, — дейт “Акчабар” ЖЧКсынын башкы директору Нурдин Султамбаев.

Кыргыз фондулук биржасында ушул жылдын 15-сентябрында баалуу металлдар сектору ишке киргенин кошумчалайбыз.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>