Тибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айттыКемин шаарында Жибек-Жолу көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калдыКРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирди
Кыргызстан вакциналарды сактоо үчүн 200 муздаткыч алат
03.11.2021 | 14:43
Жакынкы аралыкта Кыргызстан вакциналарды сактоо үчүн 200 даана атайын муздаткыч жабдууларды алат. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.
Жабдуулар ЮНИСЕФтен келет. Ал Pfizer BioNTech вакцинасын -80 градус температурада 6 айдан 9 айга чейин сактоого мүмкүндүк берет.
Буга чейин Кыргызстанда Pfizer вакцинасын сактоо үчүн муздаткычтар жок болгондуктан, Кыргызстан аны алуудан баш тартууга аргасыз болгон. Октябрдын башында ЮНИСЕФ аркылуу өлкөгө 4 муздаткыч алынып келинсе, 27-октябрда 250 доза вакцинанын өзү алынып келинген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом