Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Кайра шайлоо. БШК 16 талапкерди расмий каттады
24.01.2022 | 11:07
Боршайком Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган 32 талапкердин он алтысын каттады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында жарыялынды.
Маалым болгондой, талапкерлердин аарсында мурдагы депутаттар, адвокат, юрист журналисттер бар. БШК шайлоо округдарынын биринде эки талапкер бирдей добушка ээ болсо, документтерин биринчи тапшырып, каттоодон биринчи өткөн талапкер жеңүүчү болорун эскертти.
Эске салсак, №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 27-февралда өтөт. Аталган эки тилкеде 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” графасы алдыга чыгып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат