Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн
Кан берген донорлорго төлөнө турган компенсациянын көлөмү көбөйдү
29.04.2025 | 18:12
Кан же анын компоненттерин тапшырган донорлорго төлөнө турган акчалай компенсациянын өлчөмү көбөйдү. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.
Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Ага ылайык, донорлорго төлөнө турган акчалай компенсациянын көлөмү төмөндөгүдөй:
- Канды же анын компоненттерин акысыз тапшырган донорго тамактанууга 300 сом акчалай компенсация төлөнү берилет;
- Канды же анын компоненттерин акы үчүн тапшырган донорго бир жолу кан тапшыргандыгы үчүн тамактанууга 800 сом акчалай компенсация төлөнөт;
- Эки жолку плазмаферезде плазманы же анын компоненттерин акы үчүн тапшырган донорго тамактанууга 1 200 сом акчалай компенсация төлөнөт;
- Тромбоциттердин эки дозасын акы үчүн тапшырган донорго 1 200 сом акчалай компенсация төлөнөт;
- Эки жолку плазмаферезде иммундук плазманы акы үчүн тапшырган донорго 1 600 сом акчалай компенсация төлөнүп берилет.
Токтом донорлукту өнүктүрүү, калкка медициналык кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү жана стационардык оорулууларды дарылоо үчүн канды, анын компоненттерин жана препараттарын алуунун бирден-бир булагы болуп саналган донорлордун ден соолугун колдоо максатында кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом