Бир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат

«Элдик репортер» рубрикасына Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөктүн видеолору келип түштү. Кадрлардан быйыл жайында жаңыланган каптаманын айрым жерлери бузулганын көрүүгө болот.
Видеолордо курулманын бир нече жеринде чоң тешиктер пайда болуп, панелдердин айрымдары ажырап, деформацияга учураганы көрүнүп турат. Кээ бир бөлүктөрү кайрылып калган. Каптаманын астынан эски таш бети көрүнүүдө.
Жол өтмөктү оңдоо иштери 2026-жылдын май айында башталган. Августта каптаманы алмаштыруу иштери аяктаганы кабарланган. Жайында Бишкек мэриясы колдонулган материалдар тууралуу түшүндүрмө берген. Муниципалитет алюкобонд колдонулганы тууралуу маалыматты четке кагып, объектке HPL-панелдер орнотулганын билдирген. Ошондой эле мурдагы гранит каптама авариялык абалда болуп, айрым жерлери урап түшүп жатканын маалымдаган. Реконструкциянын алкагында мэрия фасаддарды заманбап материалдар менен жаңыртууну, кооздук панелдерди орнотууну, жарыктандырууну модернизациялоону жана жабууларды калыбына келтирүүнү убада кылган.
Каптаманын эмне себептен бузулганы азырынча белгисиз. Бузулуулар материалдардын сапатына, монтаждоо иштерине, тышкы механикалык таасирге же башка себептерге байланыштуубу — азырынча такталган жок.