13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилди
Оштогу бажылык тариздөө жайынан курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды
28.09.2026 | 13:48

Ош облусунда «Бими Ош Сервис» бажылык тариздөө жайынын пайдаланылбай турган имаратынан курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматы биргеликте жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында жашыруун жайдагы сейфтен 3 даана тапанча, 5 даана ок салгыч, 12 мм калибрдеги 31 даана патрон, 9х17 мм калибрдеги 47 даана патрон, 9 мм калибрдеги 14 даана патрон, 8 даана АМГ патрону жана 3 даана рация табылып алынган.
Учурда алынган курал-жарактардын жана ок-дарылардын келип чыгышын, ошондой эле аталган жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар