Кыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жетти

03.10.2026 | 18:00
Кыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жетти — Новости Кыргызстана

2025-жылы Кыргызстанга 17,9 миң адам келип, 5,5 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. Натыйжада миграциялык өсүш 15,4 миң адамды түзүп, 2024-жылдагы 11,2 миң адамга салыштырмалуу көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети «Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдыгында: 2021–2025» маалымдады.

Тышкы миграциянын оң сальдосу төртүнчү жыл катары менен сакталып, 2025-жылы биринчи жолу республиканын бардык аймактарында катталган. Ошондой эле өлкөгө туруктуу жашоо үчүн келгендердин саны көбөйүп, туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендердин саны азайган.

Кыргызстандын жарандарын туруктуу жашоо үчүн кабыл алган негизги өлкөлөр мурдагыдай эле Орусия жана Казакстан бойдон калууда.

Ички миграция өлкөдөгү миграциялык процесстердин негизги бөлүгү бойдон калууда. Анын түзүмүндө облустар аралык миграциялык агымдар басымдуулук кылат. 2025-жылы өлкө ичиндеги миграциялык өсүштүн бардыгы Бишкекке (86,5%) жана Ош шаарына (13,5%) туура келген.

Теги: мигрант
Scroll to Top