Кыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Кыргызстан менен Орусиянын ветеринария тармагындагы илимий жана билим берүү жаатындагы кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкты. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбачылыгы, жайыттар жана тоюттарды өнүктүрүү кызматынын алдындагы А. Дүйшеев атындагы Кыргыз илимий-изилдөө ветеринардык институту менен Орусиянын Айыл чарба министрлигине караштуу Башкыр мамлекеттик агрардык университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.
Документтин негизги максаты — ветеринария илимин, заманбап технологияларды жана адистерди даярдоо системасын биргелешип өнүктүрүү. Меморандумдун алкагында тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий-методикалык материалдар жана технологиялар менен алмашып, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууну көздөшөт. Ошондой эле илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды өткөрүү, адистердин, окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн жана студенттердин академиялык алмашуусун өнүктүрүү пландалууда.
Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири — жаныбарлардын жугуштуу жана башка ооруларын диагностикалоону, алдын алууну жана көзөмөлдөөнү өркүндөтүү. Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө алынган жыйынтыктарды ветеринардык кызматтын жана мал чарба тармагынын практикалык ишине түздөн-түз киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, ветеринардык адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга жана ветеринардык билим берүүгө заманбап ыкмаларды киргизүүгө көңүл бурулат.
Кызматташтык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү менен гана чектелбейт. Негизги милдеттердин бири — ветеринарияда жана мал чарбасында илимий иштеп чыгууларды практикалык жактан колдонуу. Окумуштуулар менен адистердин биргелешкен иши тажрыйба алмашууга, диагностикалык ыкмаларды өркүндөтүүгө, оорулардын алдын алуунун заманбап технологияларын изилдөөгө жана натыйжалуу чечимдерди ветеринардык практикага киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Меморандумга кол коюу ветеринария илимин жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, адистердин кесиптик потенциалын жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын ветеринария жана мал чарбасы жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган узак мөөнөттүү илимий-билим берүү өнөктөштүгүнүн негизин түзөт.