Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктады

03.10.2026 | 18:04
В России завершились учения ОДКБ с участием военных Кыргызстана — Новости Кыргызстана

Орусияда ЖККУнун «Өз ара аракеттенүү-2026» командалык-штабдык машыгуусунун, ошондой эле «Издөө-2026» жана «Эшелон-2026» атайын машыгууларынын активдүү этабы аяктады. Ага Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери катышты.

Машыгуулар Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу «Чебаркульский» полигонунда өттү. Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын аскердик контингенттери тартылды. Жалпысынан машыгууга 2 миңге жакын аскер кызматкери жана курал-жарактын, аскердик жана атайын техниканын 350гө жакын бирдиги катышты.

Активдүү этаптын жүрүшүндө катышуучулар чек арадагы куралдуу жаңжалды локалдаштыруу боюнча биргелешкен операцияны машыкты. Аскерлер чалгындоо жүргүзүп, ок атуу боюнча артыкчылыкка жетишүүнү, алдыңкы позицияларды жок кылууну, калктуу конуштагы шарттуу каршылашты блокадалоону жана талкалоону иштеп чыгышты.

ЖККУнун Ыкчам аракеттенүү жамааттык күчтөрү шарттуу каршылаштын резервдерин блокадалоо жана жок кылуу, токой тилкесинде чачыранды топторду издөө жана чек ара көзөмөлүн калыбына келтирүү боюнча да машыгууларды өткөрдү. Жыйынтыктоочу этапта бөлүктөр согуштук аракеттер учурунда келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну иштеп чыгышты.

Машыгуулардын жүрүшүндө учкучсуз учуучу аппараттар жана робототехникалык комплекстер кеңири колдонулду. Аскерлердин практикалык аракеттери заманбап согуштук аракеттердин тажрыйбасы эске алынып иштелип чыкты.

Машыгуулардын активдүү этабына ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Мамасадыков, уюмга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле ЖККУнун Бириккен штабынын жана Катчылыгынын өкүлдөрү көз салды.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин делегациясын коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов жетектеди.

Теги: ЖККУ
Scroll to Top