«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Канттагы жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды
22.05.2026 | 10:16

Кечээ, 21-майда, кечки саат 22:45 чамасында Кант шаарындагы Куренкеев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29 жаштагы А.А. аттуу айдоочу «Mercedes-Benz S-Class» үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып башкарууну жоготкон. Натыйжада унаа жол чырактан түз өтүп кетип, имаратты сүзгөн. Кагылышуудан кийин унаа өрттөнүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы К.Ф. окуя болгон жерде каза болгон. Унаанын айдоочусу, ошондой эле 29 жана 22 жаштагы эки жүргүнчү ар кандай жаракат алып, Кант шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар