Кыргызстан менен Pfizer онкобейтаптар үчүн өмүр үчүн маанилүү дары-дармектерди жеткирүүнү жолго коет

КР саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Женева шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Pfizer компаниясынын жетекчилиги жана «Accord for a Healthier World» демилгесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар республиканын калкын заманбап жана тартыш (таңсык) медикаменттер менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы кыргызстандыктардын онкологиялык ооруларды дарылоо жана химиотерапия жүргүзүү үчүн инновациялык препараттарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү болду. Pfizer өкүлдөрү иштеп жаткан эл аралык колдоо программаларынын алкагында дары-дармектерди жеткирүүнүн болушунча жеткиликтүү шарттарын камсыз кылууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Өз ара аракеттенүүнү «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу өнүктүрүү пландалууда. Бул дүйнөлүк өндүрүүчүдөн ортомчуларсыз түз жеткирүүлөрдү жолго коюуга жана жогорку технологиялык дарылоого муктаж болгон бейтаптарга түшкөн каржылык жүктү олуттуу төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Reporter.kg маалымкаты: Pfizer — башкы кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан, дүйнөдөгү эң ири америкалык биофармацевтикалык корпорациялардын бири. Компания онкология, вирусология, кардиология жана иммунология сыяктуу өтө маанилүү тармактарда инновациялык дары-дармектерди жана вакциналарды иштеп чыгууга адистешкен. Pfizer продукциясы 120дан ашык өлкөдө сунушталган, ал эми анын глобалдык программалары өнүгүп келе жаткан аймактарда жогорку технологиялык медициналык жардамга жана заманбап дарылоо ыкмаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.