Кыргызстандагы айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген насыяларды алуу жөнөкөйлөштүрүлөт

22.05.2026 | 10:09
сельхозкретит у поля

Насыя алууда агрардык бирикмелерге коюлган талаптар кыйла жумшартылат: эгерде алар кооперативдин ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу болбосо, фермерлерге мындан ары өзүнүн жеке бизнеси жана насыялык тарыхы тууралуу маалыматтарды берүүнүн кажети жок.

Мындай сунуштар 21-майда КР Айыл чарба министрлигинин төрагалыгы алдында өткөн мекемелер аралык комиссиянын жыйынында айтылды. Талкууга Салык кызматынын, Социалдык фонддун, Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) эксперттери, ошондой эле «А Банк» ААК жана «Элдик Банк» ААК жетекчиликтери катышты.

Учурда банктар жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарда каржылоону берүүнүн ички тартибин иштеп чыгууга киришти. Бул реформа ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында 2023–2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top