Күн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн ашты
Кар көчкү түшүшү мүмкүн. ӨКМ айдоочуларга эскертти
08.11.2022 | 14:26
Бүгүн, 8-ноябрдан тарта 10-ноябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-128 чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-246 чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.
Жаан-чачын жана тоолуу аймактарда кар жаап жаткандыктан, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарыл.
Министрлик айдоочуларга унаасында күрөк, дөңгөлөк чынжырчасы, ысык суу, жол азыгы жана дары-дармек кутучасын алып жүрүүнү унутпоону эскертет.
Кырсык катталган учурда же жардамга муктаж болсоңуз “112” кызматына чалыңыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом