Кара-Балтада жаңы санитардык полигон курулат

Чүйдүн Кара-Балта шаарында катуу тиричилик калдыктары үчүн жаңы санитардык полигон курулат. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде полигон куруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Мекеменин маалыматында, долбоордун баасы 4 млн долларды түзөт жана ал Жапониянын (JFJCM) гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланат. Долбоордо «Фукуока» технологиясынын негизинде санитардык стандарттарга жооп берген полигон куруу каралган. Ал шаардын жана ага чектеш айылдардын экологиялык абалын оңдоо максатында курулат.
Кеңешмеге жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, жергиликтүү бийлик органдарынын, АРИСтин, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын жана Талды-Булак айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катышкан.
Анда жер тилкесин тандоо, муниципалитеттер аралык кызматташуунун механизмдери жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын аткаруу маселелери талкууланган.