Баткенде селден улам жабылган жолдор ачылып, электр жарыгын берүү калыбына келтирилүүдө

28.06.2026 | 12:12
Баткенде селден улам жабылган жолдор ачылып, электр жарыгын берүү калыбына келтирилүүдө — Новости Кыргызстана

Кечээ, 27-июнда, Баткен облусунда болгон селден улам убактылуу жабылган Ош–Раззаков унаа жолу жана башка жол каттамдары бүгүн, 28-июнга карата толугу менен ачылды. Учурда автоунаалардын кыймылына чектөө жок экенин президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус аймагында болгон катуу шамал жана селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган аймактарда жарык берүү калыбына келтирилди. Баткен районунун Бөжөй айылындагы 147 абонентке электр энергиясын берүү боюнча оңдоо иштери жүрүп жатат. Ал эми байланыш операторлору үзүлгөн интернет линияларын оңдоп жатышканы маалымдалды.

“Баткен шаарында таза суу берүү калыбына келтирилди, ал эми сугат суу үзгүлтүксүз берилип, суу чарба объектилери штаттык режимде иштеп жатат”,- деп билдирди мекеме.

Эске салсак, кечээ Рават айылындагы селден жана катуу шамалдан улам бак-дарактар кулап, турак үйлөр менен электр линияларына зыян келтирилген болчу.

Теги: Баткен, сел
Scroll to Top