Ноокен районунда жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имараты ачылды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылында Шамшидин Суеркулов атындагы жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имараты ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Минкабдын маалыматында, объектинин курулушуна республикалык бюджеттен 79 млн 319 миң сом жумшалган. Имаратта дарылоо, төрөт, балдар, гинекология жана медициналык реабилитация бөлүмдөрү жайгашкан. Бул мекеме Эргеш Алиев айыл аймагынын 36 миң 979 тургунун тейлөө менен камсыз кылат.
Адылбек Касымалиев аземде сүйлөгөн сөзүндө айыл жерлеринде медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу маанилүү экенин белгилеген. Анын айтымында, жаңы бөлүм калкка медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле ал медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаганын жана адистерди аймактарга тартуу үчүн бюджеттен каражат бөлүнүп жатканын айткан.




