Жаан-чачын күтүлбөйт: 17-ноябрга карата аба ырайынын божомолуМүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылды
Кара-Көлдө 33 жаштагы жаран асынган абалда табылды
11.07.2023 | 14:24
Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында 33 жаштагы жаран асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-июль күнү болжол менен саат 09:30да Кара-Көл шаарынын 33 жаштагы тургуну асынып каза болгон.
Бул окуя шаардык милицияда каттоого алынган.
“Окуя боюнча каза болгон жарандын апасы эч кимге доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан”, – деп билдиришти милициядан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз