Ош шаарында жаңы онкологиялык борбор курулатЖамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайыБанктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскертти
Бишкектен Балыкчыга поезд эми күн сайын каттайт. Графиги, баасы
11.07.2023 | 14:14
17-июлдан 31-августка чейин Бишкек – Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд күн сайын каттайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Поезд таңкы саат 07:40та Бишкектен чыгат. “Балыкчы” станциясына саат 11:46да жетет. Саат 17:48де кайра Бишкекке жол тартат. Борборго келүү убактысы 21:54.
Билет баасы жөнөкөй вагондо чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом. Люкс вагондо чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.
Кызыккан суроолор боюнча төмөндөгү номерлерге чалууга болот: 0705 076696; (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом