Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Өргө айылында 720 орунга ылайыкташкан заманбап мектеп ачылды.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, курулуш иштерине 160 миллион сом сарпталган.
Мектептин ачылышына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, райондун акими Тилек Матраимов өңдүү чиновниктер катышкан.
Аталган мектептин курууга кеткен бардык каражат Сары-Ой айыл аймагынын бюджетинен бөлүнгөн. Жаңы мектепте спорттук зал, ашкана, жыйын зал бар. Мындан сырткары заманбап 32 жаңы компьютер, 4 интерактивдүү такта жана 4 проектор алынган.
Белгилей кетсек, буга чейин жаңы окуу жылына карата Ош облусунун аймагында 4 мектеп ачылган. Алдыда дагы 2 мектептин ачылышы күтүлүүдө.