Футбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңди

Кыргызстандын 17 жашка чейинки (U-17) кыздар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын (CAFA U-17 Women’s Championship) мелдешинде алтын медалга ээ болду. Кыргыз футбол биримдигинин маалыматында, бул Кыргызстандын курама командаларынын CAFAдагы тарыхта алгачкы жеңиши болуп саналат.
Ташкент шаарында өткөн мелдешке Кыргызстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстан курама командалары катышкан. Жыйынтыктоочу турда Кыргызстандын курамасы Тажикстанды 2:0 эсебинде уткан. Оюнда голдорду Перизат Заирбекова менен Акак Ишембиева киргизген.
Буга чейинки турларда кыргызстандык футболчулар Иранды 2:1 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 0:0 эсебинде тең чыккан. Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 7 упай топтоп, турнирдик жадыбалда биринчи орунду ээлеген. Мелдеште Иран 6 упай, Өзбекстан 4 упай, Тажикстан 0 упай алган.