Дастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталды

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында Социалдык фонддун 2025-жылдагы отчетуна жана Эсептөө палатасынын аудитине комментарий берди.
Анын айтымында, Соцфонд өз ишин бир топ оптимисттик маанайда сүрөттөйт: жыл ичинде кирешелер 130 млрд сомго жакын, чыгашалар 127 млрд сомду түзүп, бюджет болжол менен 3 млрд сомдук профицит менен жабылган. Бирок бул жерде маанилүү бир «бирок» бар: бул кирешелердин ичинен 44,4 млрд сом республикалык бюджеттен келген — булар пенсиялык милдеттенмелерди аткарууга багытталган мамлекеттик бюджеттин акчалары. Бекешевдин айтымында, пенсиялык тутум азырынча өлкөнүн бюджетине өтө олуттуу түрдө көз каранды экени келип чыгууда.
Депутат башка бир кооптуу көрсөткүчкө да көңүл бурду: пенсионерлердин саны 816,6 миң адамга чейин өссө, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөрдүн саны, тескерисинче, дээрлик 98 миң адамга кыскарып, 1,464 млн адамды түздү. Эми бир пенсионергө болгону 1,8 төлөөчү туура келүүдө, эгер бул тенденция уланса, бюджетке түшкөн салмак гана өсөт.
Бекешев ошондой эле орточо пенсия 6,1%га өскөнүн, бирок баалар андан тезирээк жогорулаганын белгиледи — Эсептөө палатасынын баамында, орточо пенсиянын реалдуу сатып алуу жөндөмдүүлүгү болжол менен 2%га төмөндөгөн.
Депутат пенсияны жеткирүү маселесине да өзгөчө токтолду: пенсионерлердин 83%ы аны банктар аркылуу алышат, бул болжол менен 298 млн сомго бааланган, ал эми «Кыргызпочта» аркылуу болгону 17% пенсионер алса да, ага дээрлик 430 млн сом сарпталган. Бир адамга эсептеп карганда, почта аркылуу жеткирүү банктык жолдон болжол менен 7 эсе кымбатка турат.
Бекешев дагы бир көрсөткүчтү мисал келтирди — 2025-жылы Эмгекчилерди ден соолугун чыңдоо фондуна 984 млн сом которулган, бирок пенсионерлер санаторий-курорттук дарыланууга жолдомо алууга жардам сурап депутатктарга дайыма кайрылышат. Анын айтымында, мындай суроо жаралат: эгер ден соолукту чыңдоого жыл сайын мынча акча багытталса, эмне үчүн адамдар депутаттарды кыдырып, жолдомо сурап кайрыла беришет.
Отчетту кароодо депутат Соцфондго салык кызматы менен биргеликте камсыздандыруу төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүүнү, пенсионер банк аркылуу ала ала турган жерлерде кымбат почта аркылуу жеткирүүнү кыскартууну, ошондой эле Эсептөө палатасынын эскертүүлөрүн жоюуну тапшырууну сунуштады. Бекешевдин пикиринде, 3 млрд сомдук профицит — бул жакшы, бирок пенсиялык тутум 5, 10 же 15 жылдан кийин канчалык туруктуу болорун жана ага багытталган каражаттардын канчалык натыйжалуу жумшалып жатканын түшүнүү алда канча маанилүү.