КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кара-Суудагы жол кырсыгынан дагы бир өспүрүм көз жумду
17.11.2021 | 12:05
Кара-Суудагы жол кырсыгынан Ош ооруканасынан дагы15 жашар кыз көз жумду. Бул туурасында Reporter.kg ′ге Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облустар аралык ооруканада 6 киши оор, орто абалда 2 киши жатат. Ал эми балдар ооруканасында эки өспүрүм оор абалда. Шаардык клиникалык ооруканада орто абалда бир бейтап бар.
Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында «Камаз», «Mercedes-Benz Sprinter» жана «Daewoo Nexia» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Андан 7 киши жеринен каза болуп, 22 киши жараат алды.
https://reporter.kg/osh-bishkek-zholu-kyrsyktan-22-kishi-zharaat-aldy-alardyn-abaly/
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар