Караколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралуу

22-сентябрда «Каракол» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын жарандык авиация тарыхында биринчи жолу Business Aviation Summit 2026 бизнес-авиация саммити өтүп жатат. Саммиттин алкагында Reporter.kg басылмасынын кабарчысы Каракол шаарынын мэри Талант Иманов менен мектептерди жана бала бакчаларды оңдоо, туризмди өнүктүрүү, шаардык долбоорлорду каржылоо жана анын Алексей Ширшов менен болгон мамилеси тууралуу маектешти.
— Талант Орускулович, кызматка дайындалгандан бери Караколдо эмнелерди жасай алдыңыздар, айтып берсеңиз?
— Биздин команда Караколго жазында келди. Сурамжылоо жүргүзүп, шаардагы абалды изилдеп чыктык. Билим берүү мекемелери өтө начар абалда экен. Акыркы жылдары беш мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй, аларга эч кандай каражат салынган эмес.
Кыска убакыттын ичинде биз демөөрчү — «Ширшов фонду» коомдук фондун таба алдык. Анын эсебинен болгону эки жарым айдын ичинде беш мектепти жана беш бала бакчаны — жылытуу системасынан тарта ашканаларына чейин толук капиталдык оңдоодон өткөрдүк. Бул мекемелердеги бардык жабдуулар жаңы.
— Сизди дайыма Ширшовдун фамилиясы менен байланыштырып келишет. Коомдо жана социалдык тармактарда анын таасири тууралуу айтылууда. Бул адам менен сизди эмне байланыштырат?
— Достор, эч кандай таасир жок. Менимче, ар бир адам, ар бир жетекчи колунан келишинче өз жерине пайдасы тийсин деп досторун, өнөктөштөрүн тартат.
Бүгүн кеп Каракол жөнүндө болуп жатат. Шаарды өнүктүрүүгө фонддон 8 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү. Долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырып жатабыз. Жайында сейил бактар жана пляждар менен алектендик, мына азыр мектептер менен бала бакчалардын ачылышына күбө болдуңуздар. Андан кийин короолорду жана жарыктандырууну колго алабыз. Дагы бир нече сюрприздер бар, бирок ал жөнүндө кийинчерээк.
— Сюрприздер жөнүндө айтып бербейсизби…
— Айта албайм, болбосо сюрприз болбой калат да.
— Демек, караколдуктарды таң калтыра турган дагы нерселер бар экен да?
— Аларды гана эмес. Биз Караколду жок дегенде коңшу республикаларда, КМШ өлкөлөрүндө, Кытайда, мүмкүнчүлүк болсо Европада да таанып-билишин каалайбыз. Бизге көбүрөөк туристтер келишин каалайбыз.
Эмне үчүн бардык туристтер Жакынкы Чыгышка кетип жатышат? Бүгүн ал жакта кырдаал ушундай болуп турат, андыктан биз аларды бул жакка тарта алабыз. Биздин жаратылышыбыз абдан кооз. Биз жайкы да, кышкы да туризмди өнүктүрүп жатабыз.
— Бүгүн Кыргызстанда акыркы 35 жылда биринчи жолу авиациялык форум өтүп жатат. Мында бизнес-авиациянын учактары коюлган. Кандай деп ойлойсуз, бизнес өкүлдөрү Караколго эмне үчүн келишти?
— Бул биргелешкен иштин үзүрү. Биз баарын чакырып жатабыз. Былтыр Караколдо ушундай кооз аэропортту куруп, ачтык — өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми кийинки кадам — бул жакка көбүрөөк туристтерди тартуу. Бүгүн европалык туристтер негизинен…
— Каракол болсо, айткандай эле, кыргыз Куршевели.
— Келечектеги кыргыз Куршевели. Бизде Жыргалаңда тоо-лыжа кластери өнүгүүдө. Биз азыртан эле туристтерди кабыл алууга даярданып жатабыз: инфраструктураны, ресторандарды, мейманканаларды куруп жатабыз. Тейлөө тармагын өнүктүрүп, эс алуучулар үчүн шарттарды түзүүдөбүз.
Бүгүн өзүңүздөр көргөндөй, бизге бизнес-авиация жана жарандык авиация компанияларынын жетекчилери келишти. Алар биздин инфраструктура менен таанышып жатышат. Келечекте «Манас» аэропорту алар менен келишим түзүп, бул жакка каттамдар уча баштайт деп ишенем.
— Алексей Ширшов менен дос экениңизди айтып келесиз. Жакында эле берген маегиңизден анын жубайы да Караколдон экенин, жердешиңиз экенин билдим…
— Ооба, анын үстүнө биз тууган да болобуз.
— Тууган да болосуздарбы?
— Ооба. Мына, бардык сырларды акырындап ачып жатасыз.
— Мындай ири салымдарды эске алганда, абдан жакшы туугандар экен…
— Биз, кыргызстандыктар, баарыбыз тууганбыз жана бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Эмнеге болбосун?
— Ошентип, Караколго миллиарддаган сом салынып, көп нерселер курулуп, оңдолду. Андан ары эмне болот?
— Биз бүтө элекпиз. Жетекчилик башка чечим кабыл алганга чейин ушул жерде иштей беребиз. Күнү-түнү эмгектенип, бүт билимибизди жумшайбыз, азыркыдай эле тааныш-билиш, досторубузду тартабыз. Мунун баары — эл үчүн. Эч кандай кызыкчылык, пайда көрүү жок.
Баса, мен комментарийлерди дайыма окуп турам. Биздин команда аны толугу менен көзөмөлдөйт. Кээде так ошол жөнөкөй тургундардан Караколдун эң маанилүү көйгөйлөрүн билүүгө болот. Эл эмне кылуу керектигин так жазат. Биз мунун баарын талдап, жыйынтык чыгарып, ошол маселелерди чечүү боюнча иштейбиз.
— Хейтке (терс пикирлерге) кандай карайсыз? Сиз маалымат айдыңында ар түрдүү кабыл алынган инсансыз. Сиз комментарийлерди окуйсуз, балким, аларды туугандарыңыз да окуйт чыгар…
— Мен апамдан гана эч нерсе окубоону суранам. Ал киши улгайып калган, пенсионер, абдан катуу кабатыр болот. Башында ыйлап, мага чалчу. Азыр мунун баарын көрүп-окууга таптакыр тыюу салып койгом.
Албетте, жеке кызыкчылыгын көздөп, каралагандарды Кудай өзү таразаласын. Анткени алар айтып жаткан сөздөрдүн бири да чындыкка дал келбейт. Биз ар дайым ачыкпыз. Мен ачыкмын жана күнү-түнү ачык иштөөгө даяр экенимди дайыма айтып келем. Биздин балалыгыбыз эске салгың да келбей турган оор мезгилге туш келди.
— Демек, Караколдун бардык көйгөйлөрүн, кайсы жерди жана эмнени оңдоо керектигин өзүңүз жакшы билесизби?
— Албетте. Бул менин шаарым да. Биз ушул жерде чоңойгонбуз.
— Ошондуктан дароо так жерлерди кармап иштеп жатасызбы? Кайсы жерде эмне бар экенин жана эмнени өзгөртүү керектигин сизге түшүндүрүүнүн кереги жокпу?
— Эмнеге андай болсун? Кээде бардыгын байкаганга жетишпей калабыз. Ошондуктан комментарий жазган тургундар жардам беришет. Биз алардын сын-пикирлерин эске алып, көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштейбиз.
Эльвира Сатыбекова
Анара Мамытова