Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат

22.09.2026 | 17:47
Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат — Новости Кыргызстана

21-сентябрда Нью-Йорк шаарында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы үчүн америкалык «Wabtec» компаниясынан ТЭ33АС сериясындагы 10 магистралдык жүк ташуучу локомотивди сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Локомотивдер Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюу аземи президент Садыр Жапаровдун АКШ Президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Эксим банкынын төрагасы Джон Йованович жана «Wabtec» компаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушуусунда өткөн.

Садыр Жапаров бул келишим «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын локомотивдер паркын 30%га жаңылоого шарт түзөрүн айткан. Ал локомотивдер паркынын калган бөлүгүн сатып алуу боюнча мындан аркы кызматташтыкка даяр экенин белгилеген.

Ошондой эле жолугушууда Жапаров 2030-жылга чейин «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу аяктары күтүлүп жатканын, бул жүк ташуу көлөмүн көбөйтүп, кошумча кыймылдуу курамды талап кыларын билдирген.

Мындан тышкары мамлекет башчысы Кыргызстан АКШ менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилеген.

Өз кезегинде Паоло Замполли жетишилген макулдашуулардын маанилүүлүгүнө токтолуп, долбоорду ишке ашыруу кыргыз-америкалык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаңы баракты ачарын жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз боло аларын билдирген.

Ал эми Эксим банкынын төрагасы Джон Йованович америкалык технологияларга кызыгуулар үчүн ыраазычылык айтып, бул долбоор Кыргызстан менен кызматташтыктын тарыхындагы алгачкы долбоорлордун бири экенин айткан.

Scroll to Top