Эрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады

22.09.2026 | 16:59
Эрлист Акунбеков Пекинде өткөн Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумга катышты — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Кытайдын борбору Пекинде өткөн Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумга катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Эрлист Акунбеков Кыргызстандын аймагынын 90%дан ашыгын тоолор түзөрүн белгилеп, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады:

  • чек ара аралык транспорттук байланышты өнүктүрүү жана Евразиялык логистикалык коридорлорду калыптандыруу;
  • тоолуу аймактардын шартын эске алуу менен калк үчүн транспортту жеткиликтүү кылуу;
  • экологиялык транспорт каражаттарын колдонуу;
  • транспорт тармагын санариптик трансформациялоо.

Ошондой эле ал «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору үч өлкөнү бириктирип, Борбор Азия менен Евразиянын транспорттук байланышын кеңейтүүгө багытталганын билдирди.

Форумга Кытайдын, Азербайжандын, Казакстандын делегация башчылары, транспорт министрлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча жолугушуу өттү.

Форумдун жүрүшүндө Эрлист Акунбеков Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шохрат Закир менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул форум 2023-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Scroll to Top