Эми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышат

04.11.2026 | 12:42
Теперь кыргызстанцы смогут экспортировать малину, клубнику и смородину в Китай — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, бүлдүркөн жана карагатты Кытайга экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу КРдин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-августунда Кыргызстан менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда өсүмдүк карантини жана фитосанитардык талаптар боюнча Протоколго кол коюлган. Анын негизинде Кытай тарап 20-октябрдагы №149 билдирүүсү менен Кыргызстандан малина, карагат жана ежевиканы импорттоого макулдук берди.

Протоколго ылайык, Кытайга продукция чыгаруу үчүн мөмө-жемиш өстүрүлгөн жерлер жана таңгактоочу ишканалар белгиленген фитосанитардык талаптарга жооп берип, Кытай тараптан каттоодон өтүшү шарт. Кыргыз тарап аталган ишканалардын жана өндүрүш тилкелеринин тизмесин сунуштоого тийиш.

Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти аталган жемиштерди өстүргөн дыйкандарды жана таңгактоочу ишканалардын ээлерин каттоодон өтүү үчүн мекеменин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырат.

Scroll to Top