Каркырда эки залкардын мааракеси өтүп жатат — видео

Каркырда эки залкардын мааракеси өтүп жатат — видео

Түп районундагы Каркыра жайлоосунда кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык жана Кыргыз эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракелери өтүп жатат.

Уюштуруучулардын айтымында, маараке эки күнгө созулуп, Манас айтылып, төкмө акындардын айтыш өнөрү тартууланууда.  Ошондой эле улуттук оюндар ойнолуп, чоң программадагы салтанат менен коштолат.  Мааракеге казак акындары, айтыш өнөр ээлери да чакырылган.

Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттин расмий өкүлдөрү, министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, маданият жана искусство ишмерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Кыргыз -казак акындарынын айтышына 1 000 000 сомдук байге, ал эми улуттук оюндардын байгесине 6 автоунаа коюлду.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: маараке

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>