«Карточка алып коюу ушунчалык оорбу?!». Президент жол кирени көтөрүү маселеси боюнча үн катты

«Карточка алып коюу ушунчалык оорбу?!». Президент жол кирени көтөрүү маселеси боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги муниципалдык автобус-троллейбустарда накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүү маселеси боюнча оюн билдирди.

Жапаров мэриянын сунушу боюнча жол кире накталай төлөгөндөр үчүн гана көтөрүлө турганын, ал эми «Тулпар» жана банк карталары, электрондук капчык аркылуу төлөгөндөргө жол кире 17 сом бойдон каларын белгиледи.

«Карточка алып коюу ушунчалык оорбу, силерге?!», — дейт президент.

Жапаров накталай төлөгөн учурда түшкөн акчанын бир бөлүгүн айдоочу кымырып аларын айтты.

«Накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт.Ток этер жерин айтканда айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан ар бир шаардык жаран карта алгыла да, 17 сомдон накталай эмес төлөгүлө. Жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу?! Накталай эмес төлөгөндө гана ошол акчалардын баары автобазанын эсебине келип түшөт дагы, автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат», — дейт ал.

Аны менен бирге ал жүргүнчү накталай төлөгөндө, акчаны алып жаткан айдоочу жолду карабай, алаксып каларын сөз кылды. Накталай төлөм алуунун айынан айдоочулар жол эрежесин дагы бузушат. Мындан улам автобустар гана кырсыктабастан, анын ичиндеги жүргүнчүлөр жаракат алууда.

Сөзүн улай Жапаров чоңдор «Тулпар» картасындагы бир айлык жол билетин 1020 сомго сатып алып, бир ай бою автобуска каалашынча түшө аларын белгиледи. Ушул эле жол билети Бишкектеги мектеп окуучулары үчүн 360 сомду түзөт.

Ошондой эле «накталай эмес төлөгөндөр 17 сомго 90 мүнөттүн ичинде 2-3 автобуска акысыз түшө алат» деп сунушталууда. Ал үчүн атайын карталар сатыла баштайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт департаментинин директорунун орун басары Бакытбек Сарымсаков накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени 40 сом кылуу пландалып жатканын билдирген. Бирок накталай эмес төлөгөндөргө жол акы 17 сом бойдон калат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>